Садыр Жапаров соодагерлерге: «Июлга чейин патент менен иштеп тургула»
- 5 месяцев мурун
Бүгүн, 5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды. Ал соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат бериле турганын айтты.
«2024-жылдын июль айына чейин азыр кандай болсо, ошол шартта иштеп тура беришсин. Министрлер кабинетен, салыкчылардан, силерден делегаттарды топтоп кеңешебиз. Анан чечим кабыл алабыз. Июль айына чейин патент менен иштеп тургула», — деди президент.
Буга чейин базарларда соодагерлер ККМге каршы акцияларды өткөрүшкөн.
Муну бөлүшүү