Базарлардын ижара акысы арзандатыла баштады

  • 5 месяцев мурун

«Дордой» базарынын ижара акысы 50-60 %га,  «Аламүдүн» базары 30-50 пайызга, «ЗимаЛето» компаниясы өз базарында 25 пайызга, «Оберон» базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.

Дордой» ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. Бул тууралуу соода борбордун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков 10-декабрда «Азаттыкка» билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык, базардын дүң соода катарларында ижара акысы эки эсе төмөндөйт, ал эми чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга азаят.

Ошону менен катар «Дордой» базарын реконструкциялоо, түзүмдү жана байланышты жакшыртуу боюнча иштер башталат. Кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамдары уюштурулат.

6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү» деп билдирген.

Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине «базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү» тапшырган.

Ал ири соода-сатык комплекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан. Дагы бир депутат, «Кудайберген» базарынын ээси Элвира Сурабалдиева бизнеске эркиндик керектигин билдирген.

Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразычылык акциясына чыгышкан.

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордойдо» соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде «эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга «Кумтөр» сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин» айткан.

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат бериле турганын айтты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Ош, Талас, Каракол шаарларындагы базардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

4-декабрда Кара-Балта, Токмок шаарларындагы базарда иштегендер нааразылык акциясына чыгышканы маалым болду.

Президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди.

Сүрөт: Нааразылык акциясы учурунан. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты