«Дордой» базарынын ишкерлери нааразылык акциясына чыгышты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 30-ноябрда, Бишкектин «Дордой» базарында соода кылгандар жаңы киргизилген салык режимине каршы нааразылык акциясына чыгышты.

Өзгөчө салык режиминин киргизилиши алардын түйшүгүн көбөйткөнүн билдиришүүдө. Алар өзгөчө салык режимин киргизбей эле, мурдагыдай эле патент системасын калтырууну суранып жатышат.

Кашылык акциясына чыккандар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышууда.

Ал эми 2024-жылдын 1-январынан тартып патент системасы жоюлуп, өзгөчө салык системасы киргизилмекчи.

Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсү боюнча, 2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек.

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;

– бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

29-ноябрда Ош шаарында Кара-Суу базарында иштегендер да салык саясатына каршы болуп митингге чыгышкан.

Мамлекеттик салык кызматы Оштогу Кара-Суу базарында 29-ноябрда митингге чыккан ишкерлер боюнча комментарий берип, көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) пайдаланбай турганын билдирген.

Маалыматта айтылгандай, алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги аймакта товар сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат.

“Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, кошумча нарк салыгын алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары товарларды сатууга карата колдонулат” деп айтылат маалыматта.

Стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (Кара-Суу) базарлары кирет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты