БУУдагы иш-чарада Кыргызстан согуштук аракеттерди токтотууга чакырды
- 5 месяцев мурун
16-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Исламофобияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги иш-чарада сөз сүйлөдү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Байсалов Кыргыз Республикасы исламий маданий мурастар плюрализм жана дин тутуу эркиндиги принциптери менен айкалышкан светтик, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет экенин белгиледи.
Анын айтымында, эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө диний турмуш жанданганы байкалууда, ал эми мамлекет бул процесстин коомдук ынтымакты чыңдоого салым кошуусуна өзгөчө көңүл буруп келет.
«Биз үчүн исламофобияга каршы күрөш диний жек көрүүнүн бардык түрлөрүнө каршы күрөш менен ажырагыс байланышта. Мусулмандарды басмырлоого эч качан жол берилбеши керек. Ошол эле учурда, христиандарга, иудейлерге жана башка диндин же ишенимдин жолдоочуларына карата да басмырлоого бирдей жол берилбейт. Бүгүнкү күндө биздин милдетибиз жөн гана бири-бирибизге сабырдуулукту жана ар түрдүүлүктү көрсөтүү эмес, биздин ар түрдүүлүктүн байлыгын кабыл алуу жана баалоо” деп белгиледи МинКаб төрагасынын орун басары.
Эдил Байсалов ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга токтолуп, Президент Садыр Жапаровдун өзгөчө орозо айында аймактагы кырдаалдын курчушуна терең тынчсызданганын билдирди.
«Кыргыз Республикасы бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, согуштук аракеттерди токтотууга жана БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун эрежелерине ылайык конструктивдүү диалогду кайра баштоого чакырат» деп билдирди Байсалов.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөт: gov.kg




