БШКда партия өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп жатат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 1-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы жарандык көзөмөл комитети менен бирге шайлоонун жыйынтыктарынын жүрүшү, 28-ноябрда шайлоо учурунда сайтта кетирилген маалыматтардагы катачылыктардын себебин түшүндүрүү боюнча жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушууга саясий партиялардын өкүлдөрү, талапкерлер, коомчулук өкүлдөрү, ЖМК катышууда.  

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыгып сүйлөп, парламенттик шайлоодо автоматтык эсептөө системасынын катачылыгын түшүндүрүү боюнча чогулгандыгын билдирди.

Учурда добуштар кол менен саналып жаткандыгын айтты. Ар бир участок боюнча жыйынтыкталып жатат.

Кол менен саноо бул юридикалык күчкө ээ болот, шайлоонун жыйынтыгы кол менен саноонун жыйынтыгы менен аныкталат. Үч күндүк мөөнөттө арыздар каралат.

Ар бир арыз далилдер менен тастыкталышы керектигин кошумчалады.  

БШК төрайымы Шайлдабекова добуштарды тастыктоочу, текшерип көрүүчү инструменттер бар экенин, талкуулап, сунуштар болсо чогуу иштеп чыгууга даяр экенин айтты.

Ал 28-ноябрда, шайлоо учурунда болгон кемчиликтердин себебин түшүндүрдү. Серверде маалымат өзгөрбөгөнүн, бирок кошумча кыска берилүүчү маалыматта, кошумча баракчада ката кеткендигин айтты. Тестирлөөдө бул ката байкалбаганын айтты.

Шайлоонун жүрүшү учурунда DDoS-атака жана башка атакалар болгонун да кошумчалады.

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Алар-“Ата журт-Кыргызстан” партиясы-16, 44%, “Ишеним”-13, 20% ,  “Ынтымак”-10,65%,  “Альянс” -8,07% менен, “Бүтүн Кыргызстан”-6,58%, “Ыйман нуру” -5,96%. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты