БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого дагы эл аралык 393 байкоочуну аккредитациялады

  • 7 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык 393 байкоочуну аккредитациялады. Ошону менен эл аралык байкоочулардын саны 770ке жетти.  

Бул тууралуу БШК билдирди.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды: — Филиппин шайлоолор боюнча комиссиясынын, КМШ байкоочулар миссиясынын, Түштүк Корея, Түркия, Иран, Германия, Монголиянын Кыргыз Республикасындагы элчиликтеринен, КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын, Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын, ШКУ жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү.

Ошону менен, бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 770 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты