БШК бир нече талапкерге айып пул салды
- 2 месяца мурун
Whatsap мессенжеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык, Бишкек шаарындагы үйлөрдүн короолорундагы дарактарга № 20 округдан талапкер Темирлан Айтиевдин үгүт баннерлери илинип турганы аныкталган.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Мыйзамга ылайык, үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын, адырларды, башка табигый дөңсөөлөрдү пайдаланууга жол берилбейт.
№ 30 шайлоо округунан талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбүнүн ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү Facebook социалдык тармагында жаран Сатыбалдиева Мухара калтырган.
Ал эми талапкер Илим Кубанычбековдун үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү маалымдаган. Ага ылайык, 14-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында тиешелүү келишим түзүлбөстөн, жеке турак үйлөрдүн биринин дубалына талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.
БШК жумушчу топтун сунушунун негизинде, № 20 шайлоо округунан талапкер Темирлан Айтиевге, № 7 шайлоо округунан талапкер Илимбек Кубанычбековго 75 эсептик көрсөткүчтө, ал эми жаран Мухара Сатыбалдиевага 125 эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу милдетин БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




