БШК талапкерге, жаранга жана юридикалык жакка айып пул салды
- 2 месяца мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-ноябрда талапкерлер, юридикалык тарап жана жаран тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу маселелерди карады.
Жумушчу топ социалдык тармактарга жүргүзгөн монитрингдин натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы Адилет Кадыракунов (Adilet Kadyrakunov) аттуу колдонуучу № 30 шайлоо округунан талапкер Улан Бакасов боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда баштап, үгүт шарттарын бузгандыгын аныктаган.
Instagram социалдык тармагындагы “samarakarimovasinger” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 2 шайлоо округунан талапкер Бактыяр Калпаев үчүн үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган. Тактап айтканда, Самара Каримова Майдан айылынын тургундарына 17-ноябрда талапкер менен жолугушуу болорун, ошондой эле өзүнүн катышуусунда концерт уюштурууларын маалымдаган.
Facebook социалдык тармагындагы “T-Media” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 7 шайлоо округунан талапкер Алишер Козуев үчүн үгүт шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.
Жумушчу топтун жыйынында “Жаш FM” ЖЧКнын башкы директору Данияр кызы Даяна талапкер Козуев менен түзүлгө келишимге ылайык, 10-ноябрдан тартып көрсөтүлгөн талапкердин үгүт материалдары “Жаш FM” телеканалында жайгаштырылууга тийиш экенин маалымдады.
Анын айтымында, 2025-жылдын 13-ноябрында телеканалдын жаңылыктар чыгарылышында Кыргыз Республикасынын биринчи адамдары катышкан, аткарылган иштер тууралуу репортаж көрсөтүлүп жатканда талапкердин үгүт баннери кокустан жайгаштырылып калган. Муну менен “Жаш FM” ЖЧК “жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкерлерге бирдей шарттар кепилдениши керек” деген шайлоо мыйзамдарындагы талапты бузган.
Ал эми № 26 шайлоо округунан талапкер Медербек Саккараевге материалдар БШКга Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИББ) тергөө кызматынан келип түшкөн. Ага ылайык, Instagram социалдык тармагындагы «moldos.b» баракчасында Саккараев тарабынан үгүтчүлөрдү тартуу аркылуу шайлоочуларды сатып алуу аракети жасалгандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул факт Чүй ОИББда катталып, ал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган, 16-ноябрда аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык, жаран Адилет Кадыракуновго № 2 шайлоо округунан талапкер Бактыяр Калпаевге каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү, “Жаш FM” ЖЧКга карата 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
Ал эми № 26 шайлоо округунан Медербек Саккараеве эскертүү берүү сунуштаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




