БШК төрагасы билдирүү жасап, добуш сатып алуу фактылары боюнча чечим кабыл алынарын билдирди
- 1 неделя мурун
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирүү жасап, добуш сатуу, добуш сатып алуу фактылары териштирилип жатканын, 2-3 күндө чечим кабыл алынарын билдирди.
-Добушун саткан жарандар, добуш сатып алган талапкерлер боюнча маалыматтар, видео фактылар келип жатат. Андай далилдер социалдык тармактарда дагы жарыяланып жатканын көрүп жатабыз. Ал видео фактылардын көпчүлүгү бизде жана ИИМде да бар. Биздин колубузга келе электерин социалдык тармактардан алып, териштире баштадык. Бул боюнча комиссия карап чыгат, чечим кабыл алабыз. Ага чейин эле, айрыкча социалдык тармактарда “БШК эмне уктап жатасыңар, чара көрбөйсүңөрбү” деген сын-пикирлер айтылууда. Мыйзамды бузган ар бир шайлоо тилкеси, ошондой эле сөз болуп жаткан 13-округ боюнча дагы материалдарды карап чыгабыз, 2-3 күндүн ичинде чечим кабыл алабыз, -деди Шайназаров.
Социалдык тармактарда добуш сатып алуу фактылары боюнча видео тасмалар, билдирүүлөр жарыяланууда.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын шайлоого добуш берүү 30-ноябрда өттү.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялаган.
Талапкер Элдар Абакиров парламенттик шайлоодогу №26 Чүй-Токмок-Кемин округу боюнча мыйзам бузууга байланыштуу кайрылуу жасады.
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш сатып алган учурлар болуп жатканын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) округдук шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматтарынын негизинде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктагандан кийин 13 күндүн ичинде же 14-декабрга чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат.
Буга чейин да Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров (БШК) билдиргендей, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 267 кайрылуу-билдирүү түшкөн. Алардын 124ү – үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу, 37си – талапкердин ар намысына шек келтиргендиги тууралуу, административдик ресурстун колдонулгандыгы тууралуу — 8 арыз, добуштарды сатып алуу боюнча – 41, калган 51 арыз – ар кандай маселелер.
Төраганын айтымында, добуш берүү күнүндө добуш сатып алуулар боюнча арыз-кайрылуулар көбөйдү.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




