БШК төрагасы: Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 261 билдирүү түшкөн
- 1 месяц мурун
Борборлук шайлоо комиссиясынын төрагаы Тынчтык Шайназаров (БШК) билдиргендей, шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпысынан 261 кайрылуу-билдирүү түшкөн.
Алардын 124ү – үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу, 37си – талапкердин ар намысына шек келтиргендиги тууралуу, административдик ресурстун колдонулгандыгы тууралуу — 8 арыз, добуштарды сатып алуу боюнча – 41. Калган 51 арыз – ар кандай маселелер.
Төраганын айтымында, бүгүн добуш берүү күнүндө добуш сатып алуулар боюнча арыз-кайрылуулар көбөйдү.
“Тиешелүү укук коргоо органдары мыйзамга ылайык иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүң-эртең ар бир факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баалар берилет. Алардын канчалык негиздүү болгонун өз кезегинде прокуратура органдары көзөмөлгө алат”, — деди БШКнын төрагасы Шайназаров.
Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.
Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.
Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана кечки саат 20:00дө токтойт.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




