Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир гана добуш сатуу көйгөйү болуп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди жана ЖКМ өкүлдөрүнө билдирүү жасады. Президент элди шайлоого активдүү катышууга чакырды. Шайлоочулар добуш сатып алган учурлар болуп жатканын билдирди.

-Баарыңыздарды шайлоого активдүү катышууга чакырабыз. Бул шайлоо өзгөчө шайлоо, анткени шайлоо системасы автоматташтырылган, адам фактору катышпайт. Мурда болсо бюллетендерди ашыкча чыгарып алып, алып барып, ар бир участокто 50-100дөн ашыкча коюп, өткөрүп, ушундай учурлар болчу. Азыр андай жок, келген жерден бюллетень аласыңар, баарын компьютер эсептейт, чыгарат, адам фактору аралашпайт.

Эмнеге мындай кылдык, анткени үч жолу республикада төңкөрүш болсо, үчөө тең шайлоолордун, президенттик же болбосо парламенттик шайлоолордун кесепеттеринен келип чыккан. Ошондуктан биз болушунча автоматташтырып, адам факторун мындан ары аралаштырбаганга аракет жумшадык, мындан ары да жумшайбыз. Бул шайлоодо адамдар көбүрөөк катышат болуш керек, анткени аралыктан добуш берүү жагын да биз компьютер аркылуу электрондоштуруп киргиздик. Мисалы Алай, Ала-Бука, Чаткалда жүргөндөр Бишкекке келип калса, борборго келип, базарда жүргөн болсо, базардын ичинде да шайлоо тилкелери уюштурулду. Эгерде паспорту, айди карты же түндүктө тиркелген кюар коду болсо, ошону менен эле базардан шайлап койсо болот. Мына, менин шайлоого көп болсо, беш эле мүнөт убактым кетти. Кирдим, бюллетень алдым, шайладым, кайра чыгып кетип баратам. Дагы бир жолу шайлоочуларды активдүү катышууга чакырат элем. Кудай буюрса, бардык шайлоолор, мейли парламенттик шайлоо болобу, президенттик шайлоо болобу, жергиликтүү шайлоо болобу, кийинки жылы президенттик шайлоо келе жатат, ал шайлоодо да мындан дагы жакшы шарттарды түзүп берип, адам фактору аралашпагандай кылып, келечекте, түбөлүк деп да айтсам болот, шайлоодон чыр чыкпагандай кылып, биз бардыгын жасайбыз,-деди президент.

Билдирүүдө Садыр Жапаров бир гана проблема болуп жатканын айтты:  

-Бир эле проблема болуп жатат азыр, шайлоочулар добуш сатып жиберген учурлар, талапкерлер сатып алган моменттер болуп жатат. Албетте, шайлоочулардын бардыгы добушун сатып жатат деп айтпайм, басымдуу көпчүлүгү акчага да кызыкпайт, жашоо-турмушу жакшынакай, анан дүйнө таанымы да жогорку деңгээлде, алар сатылбайт. Саналуу сатылгандар болуп жатат, бир көчө болот экен, же бир үй-бүлө кланы менен болот экен дегендей. Биз ошолорду көрүп, кармап жатабыз, он чакты ошондой учурлар болду окшойт, териштирүүлүр жүрүп жатат,-деди президент Жапаров.   

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макиловдун билдиргенине караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүндө добуш сатып алуу боюнча тогуз кылмыш иши козголду.
Кылмыш иштердин бешөө Бишкек шаарында, экөө Чүй жана дагы экөө Жалал-Абад облусунда козголгон. Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча укук коргоо органдарына жана Борбордук шайлоо комиссиясына 256 маалымат түшкөн.

Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүүдө. Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.

Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.

Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана  кечки саат 20:00дө токтойт. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат.

Шайлоочулардын акыркы тизмесине 4 294 243 жаран киргизилген.

Бүгүн, мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу иштеп жатат.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты