БШК шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

  • 7 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары Монголия, Өзбекстан, Венесуэла, Индонезиянын шайлоо комиссиясынын, Россиянын коомдук палатасынын, КМШ байкоочулар миссиясынын, ТМУ, ШКУ өкүлдөрү.  

Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты