БШК партия өкүлдөрүнө сайтта маалымат көрсөтүүдө кеткен ката тууралуу маалымат берет

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партия өкүлдөрүн чакырып, сайтта маалымат көрсөтүүдөгү ката тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу КР БШК төрайымы Нуржан.Шайлдабекова бүгүн, 29-ноябрда,  БШКнын имаратынын жанында чогулган, парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылып, билдирди.

-БШК ыйгарым укуктуу органдын сайтында маалыматтарды көрсөтүүдө кетирилген механикалык ката үчүн кечирим сурайт.

Бирок биз ар бир АЭУда колдонулуучу добуштарды саноо тутумунун аныктыгын кепилдейбиз. Ар бир АЭУдан алынуучу маалыматтардын жыйындысынын программасы жана анын сайтта учурдагы көрсөтүлүүсү так жана туура иштөөдө.

Азыркы кезде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана элге жарыяланды, алар шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп саналат.

Конституциялык мыйзамга ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын натыйжасы боюнча белгиленет.

Учурда кол менен эсептөөнүн протоколдору келип түшүүдө жана түшкөнүнө жараша мыйзамда белгиленген тартипте сайтта жана шайлоо маалыматтык тутумунда жарыяланып турат.

Саат 18:15ке карата 410 участкалык кол менен эсептөөнүн протоколдору келип түштү. Бул бүт өлкөдө түзүлгөн шайлоо участокторунун жалпы санынын (2435) 16,44 пайызын түзөт.

Эгерде участоктордогу бузуулардын кандайдыр бир учурлары боюнча даттанууңуз болсо, аны тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына жөнөтүңүз. Ар бир даттануу белгиленген тартипте каралат.

Кечээ, Кыргызстанда, парламенттик шайлоо өтүп, анын автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты. Алар-“Ата журт-Кыргызстан” партиясы-16, 44%, “Ишеним”-13, 20% ,  “Ынтымак”-10,65%,  “Альянс” -8,07% менен, “Бүтүн Кыргызстан”-6,58%, “Ыйман нуру” -5,96%.

Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

Ал эми бүгүн БШКнын алдында нааразы болгондор митингге чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты