БШК парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

  • 7 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыя кылды. Акыркы тизмеде 4 294 243 шайлоочу бар.

 “Тизме» https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылды.

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлдү.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 25-ноябрга чейин 2492 шайлоо участокторунда илинет.

Биротоло тизмеде 4 294 243 шайлоочу, анын ичинен:

— эркектер – 2 081 514, же 48,47%;

— аялдар – 2 212 729, же 51,52%.

Жашы боюнча:

— 18 жаштагылар – 104 693, же 2,44%:

— 19-35 жаштагылар – 1 707 851, же 39,77%

— 36-45 жаштагылар – 923 975, же 21,52%

— 46-55 жаштагылар – 650 851, же 15,16%

— 56-65 жаштагылар – 528 771, же 12,31%

— 66 жаштан жогоркулар – 378 102, же 8,80%.

Шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:

— 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

— шайлоо участкасына барып;

— “tizme.gov.kg” сайтында;

— же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты