БШК президентти шайлоого карата шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады
- 6 часов мурун
- Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоого карата шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады.Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочуну камтыйт.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.
Бул тизме президентке караштуу иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (tizme.gov.kg) жайгаштырылды.
Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен бирге жүргүзүлөт.
Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин текшере алат: • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып, шайлоо участогунан, tizme.gov.kg сайтынан же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, tizme.gov.kg сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.
Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан бул жол-жободон өтө алышат.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




