БШК өлкөнүн шайлоо участкаларында жана Россиянын беш шаарында тесттик добуш берүү өткөрдү
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-октябрда республикадагы бардык шайлоо участкаларында жаңы аралыктан добуш берүү жабдыктарын колдонуу менен тесттик добуш берүү өткөрдү.
Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, алдыдагы парламенттик шайлоодо аралыктан добуш берүү шайлоо процессиндеги жаңылыктардын бири болот.
БШК бардык каалоочуларды 20-октябрда жана 30-октябрда өтө турган тесттик добуш берүүгө катышууга чакырат.
“Бүгүн Бишкектеги ЦУМдун имаратындагы участкада өткөн тесттик добуш берүүгө коомдук жана саясий ишмерлер, ММК өкүлдөрү, жарандык активисттер жана башка шайлоочулар катышты. Алар жаңы система аркылуу добуш берүү процедурасына күбө болуп, адистерге жана эксперттерге кызыккан суроолорун беришти. Тесттик добуш берүүгө катышкандар жаңы жабдыктар да, система да үзгүлтүксүз иштей тургандыгын көрүштү” деп айтылат маалыматта.
Системанын артыкчылыгы шайлоочуларга дистанциялык добуш берүү үчүн шайлоо участогун тандоодо эркиндик бериле тургандыгы деп БШК белгиледи. .
Тесттик добуш берүү Россия Федерациясынын беш шаарында — Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург жана Иркутскиде өткөрүлүүдө.
Аралыктан добуш берүү ыкмасы шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында колдонулат.
Чет өлкөлөрдө кошумча дагы 41 шайлоо участогун ачуу пландалууда.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Сүрөттөр: Тест учурунда. shailoo.gov.kg




