БШК чет өлкөлөрдө кошумча 41 шайлоо участогун ачууну пландоодо
- 1 месяц мурун
БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, учурда чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу бар, буга кошумча 41 шайлоо участогун ачуу сунушталууда.
Бул тууралуу Шайназаров 8-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу бар, буга кошумча 41 шайлоо участогун ачуу сунушталууда.
Жаңы 41 участок дүйнөнүн төмөнкү шаарларында ачылат: Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск, Пермь, Набережные Челны, Видное, Красногорск, Балашиха, Лобня, Тула, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Кайсери, Эскишехир, Бурса, Измир, Аланья, Атырау, Караганда, Алматы, Шымкент, Тараз, Филадельфия, Чикаго, Сан-Франциско, Инчхон, Сувон, Тэджон, Неаполь, Джидда, Каир, София, Варшава, Прага жана Братислава.
Натыйжада, чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо участогу 34 мамлекетте, 89 шаарда түзүлөт:
Россияда бардыгы 40 участок болот.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.
Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Иллюстрациялык сүрөт: shailoo.gov.kg




