№ 20 шайлоо округунан Мырзабеков талапкерликтен баш тартты

  • 4 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-ноябрда, № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алдаяр Мырзабековдун каттоосун жокко чыгарды. Эми шайлоого катталган 466 талапкер калды. Буга чейин 467 талапкер болчу.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Мырзабеков  БШКга 13-ноябрда кайрылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты