БШК алдыдагы парламентти шайлоого дагы эл аралык 18  байкоочуну аккредитациялады

  • 11 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата 25-ноябрда эл аралык 18 байкоочуну аккредитациялады. Ошону менен парламенттик шайлоого жалпысынан эл аралык 788 байкоочу аккредитацияланды.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды: Индия  шайлоолор боюнча комиссиясынан, Азербайжан, Индонезия, Түркия, Өзбекстан, Венгриянын элчиликтеринин өкүлдөрү.
Ошону менен Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Эми эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты