Болот Темировдун иши: Соттогу соңку сөз

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-сентябрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту өтүп жатат.

Сотто Болот Темиров соңку сөзүн сүйлөдү.

“Бүгүн соттор мени гана соттоп жаткан жок, бүткүл Кыргызстандын элин соттоп жатат. Сот мага эмес, бүткүл кыргыз элине өкүм чыгарат. Эмне үчүн? Себеби бийлик, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жана тегерегиндегилер мени каралоо үчүн бардык аракеттерин жасап жатышат.  Соттор менен прокурорлор бүгүн мага өкүм чыгарат.  Силер сөз эркиндигин кысымга алчуларсыңарбы же жокпу, ошону көрсөткүлө. Судья Акылбек Адимов сизде, сот системасынын көз карандысыздыгын көрсөтө турган мүмкүнчүлүк турат. Мага козголгон иш жасалма экенин бүт дүйнө көрүп турат. Прокурор Мээрим Алиева, сизден балаңыз, жогорку кызматтагы аткаминерлердин жеке кызыкчылыгы үчүн сөз эркиндигин жоготуп жатканда эмне кылдыңыз эле дегенде, эмне деп жооп берээр элеңиз?” деди Болот Темиров.  

Сот өкүм чыгарууга кеңешүүгө кетти.  

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп кармап, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү. 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

23-январда Болот Темиров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулган.

20-апрелде Темировго карата жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты