Болот Темировдун иши боюнча сот 25-майда улантылат

Бүгүн, 18-майда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши  боюнча сот отуруму болду. Кийинки отурум 25-майга белгиленди.

Болот Темировдун адвокаты Разак Ашимбаев мамлекеттик айыптоочулар келтирген далилдерди негизсиз катары жокко чыгаруу өтүнүчүн бергендигин, бирок ал канаттандырылбаганын айтты.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери Темировду кармаган учурда баңгизат табылганы камерага түшпөй калган. Алар баңгизатты укук коргоо кызматкерлери өздөрү салып койгон деп эсептешет.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да атайлап маңзат салып коюшканын билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берген. Маалыматка караганда, ал кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча шектелүүдө.

19-апрелде Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун маалымдап, муну бийликтин басымы катары баалаган. Журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Сүрөт: Сот отурумунда. 18-май 2022-жыл. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты