Сот Хабибулла Абдукадырдын Болот Темировго каршы доо арызын кайтарды

  • 1 месяц мурун

Бишкек районунун Октябрь райондук соту ишкер Хабибулла Абдукадырдын иликтөөчү журналист Болот  Темировго каршы доо арызын кайтарып берди.

Бул тууралуу Болот Темиров Фейсбук баракчасында билдирди.

Буга чейин Кыргызстанга чуулгандуу иштери менен таанымал ишкер Хабибулла Абдукадыр 15-апрелде иликтөөчү журналист Болот Темировду жана “Клооп” басылмасын сотко бергени айтылган.

Хабибулла Абдукадыр сотко журналистти жана басылманы  “Мадина” базары боюнча журналисттик иликтөөсү үчүн берген.

2020-жылы 1-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

«Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсүндө Хабибула Абдукадыр туугандары менен бирге Борбор Азияда контрабандадан, салык төлөөдөн качуудан жана башка схемалардан миллиондогон киреше тапкан көмүскө жүк империясын кантип башкаргандыгы баяндалат. Анда бул үй-бүлө коррупциялашкан Кыргыз бажысынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун жардамына таянып акча адалдап келгени далилденген. Документтердин жардамы менен журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияга, Улуу Британияга, АКШга жана Дубайга кеминде 209 миллион доллар которгонун далилдешкен. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты