Махабат Тажибек кызы абактан чыкты

Бүгүн, 2026-жылдын 23-февралында журналист Махабат Тажибек кызы соттун чечиминен кийин №2 түзөтүү жайынан үйгө бошотулду. Журналисттердин суроосуна жооп берип, ал эң биринчи үйүнө, киндик каны тамган жери — Чолпон-Атага бараарын, атасынын бейитине куран окутарын билдирди.

Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызын эч жакка чыкпоо шарты менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок сот башка чечимдерди өзгөрткөн жок.

Жактоочу Акынбек Ногоевдин айтымында, баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тилкаты менен Махабат Тажибек кызы камактан бошотулду. Ал эми жалпы ишти кыскартуу боюнча өтүнүч канааттандырылган жок. Эл аралык уюмдардын өтүнүчү канааттандырылган жок деп айтууга болот.

Бүгүн, 23-мартта, журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча алдын ала угуулар өттү.

Алдын ала угууда жактоочулар кылмыш ишин токтотуу жана журналистти камактан токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүч келтиришти. Прокурор дагы камактан башка баш коргоо чарасын тандоону суранды.

Журналист Тажибек кызы сотко онлайн трансляция аркылуу кошулуп, акыркы жагдайлар жана «Temirov Live» долбоорунун эки жыл мурунку «Кыргызнефтегаз» ишканасы тууралуу иликтөөсү боюнча пикирин билдирди.

2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.

Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечимин, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарды.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.  

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сүрөт: 23-март, 2026-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты