“Ак илбирс-2025” улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт
- 4 недели мурун
Бишкекте 30-декабрда Абыдлас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ак илбирс-2025» улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Салтанаттуу аземге өлкөнүн алдыңкы режиссёрлору, актёрлору, сценаристтери, операторлору жана кино тармагындагы техникалык адистер катышат.
Быйыл жеңүүчүлөр 12 номинация боюнча аныкталат. Алардын катарына көркөм, документалдык жана кыска метраждуу тасмалар кирет. «Ак илбирс- 2025» сыйлыгы кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон чыгармачыл инсандарды даңазалоону көздөйт.
«Ак илбирс» — улуттук кино тармагындагы маанилүү кесиптик сыйлыктардын бири. Аталган сыйлык жыл сайын улуттук кинематографиядагы мыкты жетишкендиктерди белгилөө максатында тапшырылып келет.
Сүрөт: Маданият министрлиги




