Болот Темиров менен Болот Назаровду колдоо митингинин катышуучулары Свердлов райсотуна жөнөдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-январда, иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду  колдоо митинги улантылууда. Ички иштер министрлигинин алдында башталган митинг катышуучулары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөдү. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы каралып жаткандыгы белгилүү болду.

Биздин кабарчылар окуяны «ПолитКлиниканын» Фейсбук баракчасында түз байланышта чагылдырууда.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдады.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Болот Темиров менен Болот Назаровду колдоо митингинин катышуучулары Свердлов райсотуна жөнөдү
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты