Төкмө акын Болот Назаров кармалды  

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов митингде журналисттерге маалымдады.

Пресс-конференцияда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Болот Назаровдун канынан баңгизат чыкканын, ал күчтүү баңгизат колдоноорун айткан.  

Учурда Болот  Назаровдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Болот Темировду колдоо митингинде Болот  Назаровду айыптоо боюнча күнөөсүздүк презумпциясы бузулуп, аны далилсиз каралоо, күнөө коюу болуп жатканын митингдин катышуучусу Али Токтакунов билдирди.  

Митингдин катышуучулары “Болот Назаровго боштондук!” деп кыйкырып жатышат.  

Болот Назаровдун «Камчыке, кара калкыңды!» аттуу ыры:

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Төкмө акын Болот Назаров кармалды  

Сүрөттө: Болот Назаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты