Болот Назаровдун соту да жабык өтүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 18-майда, Бишкек шаарынын Сверлов райондук сотунда Болот Назаровдун соту жабык түрдө өтүп жатат.

Соттук отурум башталганда судья Санжар Чотонов сот жабык түрдө өтөрүн билдирди.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында эки адам шектүү катары саналууда, бири — Темиров, экинчиси — төкмө акын Болот Назаров.

Болот Темировдун соту да бүгүн, 18-майда, Свердлов райондук сотунда жабык каралып жатат.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.   

Коомчулуктун талабынан кийин алар эч жакка чыкпоо кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 

Сүрөт: Соттук отурум. 18-май, 2022-жыл. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты