«Болгон окуя өрт коопсуздук көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды». Касымалиев жүрөк хирургиясы институтундагы өрт тууралуу

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-февралда өрттөн жабыркаган жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтуна барып, келтирилген зыяндар тууралуу маалымат алды.

Адылбек Касымалиев өрттүн кесепеттерин тез арада жоюу жана келечекте мындай окуялардын алдын алуу максатында тапшырмаларды берди.  

«Болгон трагедия социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Мындай көрүнүш эч качан кайталанбашы үчүн биз колдон келгендин баарын жасашыбыз керек» деп  Касымалиев.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, окуя болгон учурда жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды: 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду, анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө которулду. Академик Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап, анын ичинде 8 адам жана 7 бала. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Дарыгерлердин аракетине карабай, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай жана 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумду.

Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, анын ичинен 4 бала жатат. Улуттук госпиталда эки бейтап жатат, бейтаптардын абалы орто, дарылоо улантылууда.

Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, ис газына ууланып, ооруканага жаткырылды. Алардын арасында жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун медициналык 7 кызматкери жана бейтапты баккандардан экөө бар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө дарыланууда.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында аталган өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты