Министр Эркин Чечейбаев эвакуацияланган бейтаптардан кабар алды
- 1 месяц мурун
- Видео
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өрттөн кийин жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан эвакуацияланган бейтаптарга барып, алардын абалы менен таанышты. Медицина кызматкерлери менен баарлашып, дарылоонун жүрүшүн талкуулады.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Өрт учурунда кардиохирургиялык жабдуулар зыянга учураган эмес, алар жумушчу абалында.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, окуя болгон учурда жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды: 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду, анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү. Эки бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө которулду. Академик Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап, анын ичинде 8 адам жана 7 бала. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Дарыгерлердин аракетине карабай, операциядан кийинки эки бала (1 жаш 7 ай жана 16 жаш) Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумду.
2025-жылдын 12-февралынын таңына карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Учурда көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, анын ичинен 4 бала жатат. Төрт баланын экөөнүн абалы өтө оор. Улуттук госпиталда эки бейтап жатат, бейтаптардын абалы орто, дарылоо улантылууда.
Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, ис газына ууланып, ооруканага жаткырылды. Алардын арасында жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун медициналык 7 кызматкери жана бейтапты баккандардан экөө бар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө дарыланууда.
Кечээ, 11-февралда, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт саат 23:15те өчүрүлгөнүн, 260 адам эвакуацияланганын билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында аталган өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.
Сүрөт: med.kg