Блогер Жолболдуева журналисттин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча акталды

  • 11 месяцев мурун

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз катары актады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан «Азаттыкка» маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 22-майда өткөн сот отурумунда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Кылмыш кодексинин 379-беренеси «Документтерди жасалмалоо» менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленди» деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучу тарап ага коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып келет.

Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калтырылган.

Блогер Батмакан Жолболдуева 18-августта үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.




Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты