Блогер Бакмурат Токтогулов көз жумду

Блогер Бакмурат Токтогулов дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарык көрдү. Ал эми анын баласы бул кабарды ырастап, атасын жоготуп алганын билдирди.

Бакмурат Токтогулов 1984-жылы 8-январда туулган, 42 жашта болгон. Ал кан басымы жогорулап, жүрөк дартынан каза тапканы айтылууда.

Төрт күн мурун ал Фейсбукка «Адам эки нерседен кеткиси келбейт, бири – өмүрдөн, экинчиси – бийликтен, бирок экөөнөн тең кетебиз бир күнү” деп жазганы акыркы посту болуп калганын замандаштары эске салды.

Бакмурат Токтогулов социалдык тармактарда коомдук-саясий терс көрүнүштөрдү куйкум сөз, сатиралык коллаждар менен сындап келген.

Бакмурат Токтогуловдун жаназасы 20-августта  Талас шаарында, Сыдыгалиев, 73 дарегинде саат 16 да өтөрү кабарланды.

Сүрөттө: Бакмурат Токтогулов. Социалдык тармактан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты