Акыйкаттык издеген блогер президент менен жолугушуу дайындалганын айтты
- 1 день мурун
Блогер Батмакан Жолболдуева акыйкаттык издеп, 17-октябрда Баткенден Бишкекке карай президентке жолугуу максатында жөө жүрүшкө чыккан.
22-октябрдын кечинде кабарлангандай, президент Садыр Жапаров аны 27-октябрда кабыл ала турган болду.
Батмакан Жолболдуева 2022-жылы мыйзамсыз иш козголуп, азыркыга чейин куугунтукка кабылып, акыйкаттык издеп жатканын айтууда.
Буга чейин блогер Батмакан Жолболдуеванын Бишкекке карай жөө жүрүшүнө байланыштуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирүү жасаган:
-18-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов анын коопсуздугун эске алып, маселесин тактоо, мыйзам чегинде чечүү жолдорун түшүндүрүү тапшырмасын берген. Тапшырмага ылайык, өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылында Батма Жолболдуева менен жолуккан. Жолугушууда анын маселесин мыйзамда белгиленген тартипте чечүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок Батма Жолболдуева макул болбой, Бишкек шаарына карай жолун уланткан. Мындан тышкары, облустук бийлик тарабынан Батма Жолболдуеваны президенттин кабыл алуусуна киргизүү маселеси боюнча президенттик администрация менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн,-деп билдирген.
Жолболдуева 11-октябрда президент Садыр Жапаровдун, Баткен облусундагы эл менен жолугушуусунда жеке маселесин президентке айткан. Жолболдуеваны жеке маселеси боюнча облус башчысы бир канча жолу кабыл алган. Анын маселеси боюнча чечим кабыл алуу жагы көбүнчө укук коргоо органдарына сунушталган.
Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайында көргөн кордуктары, зордукталганы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде айтып чыккан. Ал билдирүү боюнча милиция чара көрбөгөндүгүн жана башка көйгөйлөр тууралуу айтып келет.
2023 жылы 23-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.
Сүрөт: Батмакан Жолболдуева. Интернет булактарынан




