«Өтө алысты көрө билген, стратегиялык чечим». Салык кызмат башчысы блогерлерди салыктан бошотуу тууралуу
- 4 недели мурун
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов президенттин жарлыгы менен киргизилген салык жеңилдиктеринин себептерин түшүндүрдү.
Салык кызматынын башчысы Шыкмаматовдун салык жеңилдиктери боюнча ьүшүндүрмөсү мекеменин сайтында жарыяланды.
“Мамлекет өтө жөнөкөй нерсени айтып жатат: биз сиздердин өсүшүңүздөргө тоскоол болбойбуз. Тескерисинче, мүмкүн болушунча өсүп-өнүгүшүңүздөрдү каалайбыз. Анткени күчтүү экономика салыктан башталбайт. Ал жаңы нерсени жараткан, кечээ эле жок болгон өнүмдөрдү жана форматтарды ойлоп тапкан адамдардан башталат” деди Шыкмаматов.
-Көптөр бүгүнкү күнгө чейин блогерди жөн гана телефон кармаган адам катары көрүшөт. Бирок бүгүнкү ийгиликтүү блогер – бул чакан медианын өзү. Ал эми эртең ал журналисттери, операторлору, монтажерлору, продюсерлери жана маркетологдору бар толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн. Демек бул – жумуш орундары, өз долбоорлору жана келечектеги салыктар дегенди билдирет. Ушундай эле көрүнүш мурда IT-компанияларга карата да болгон. Көптөр аларды олуттуу кабыл алышкан эмес. Бирок бүгүн алар бүтүндөй мамлекеттердин экономикасынын негизин түзүп жатышат.
Салык кызматынын башчысы президенттин салык жеңилдиктери тууралуу жарлыгын өтө алысты көрө билген, стратегиялык чечим катары баалады:
“Ошондуктан жаратмандарды салыктан бошотуу – бул айрым адамдарга берилген белек эмес. Бул — жаңы кыргызстандык компаниялардын, жаңы жумуш орундарынын, жаңы орто катмардын жана жаңы экономиканын жаралышына жасалган инвестиция. Дал ушул себептен мен президенттин чечимин өтө алысты көрө билген, стратегиялык чечим деп эсептейм. Анткени ал мамлекеттин мамилесин түп-тамырынан өзгөртүп жатат” деди Салык кызматынын башчысы Шыкмаматов.
-Жылдар бою биз: “Адегенде салык төлө, анан өнүк” деген принцип менен жашап келдик. Бүгүн президент адегенде өсүп-өнүк, бутуңа бекем тур, өнүм жарат, андан кийин гана ири салык төлөөчү бол деген башкача моделди сунуштап жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда, мамлекет жаратмандарга салык маселелерине күч коротпогула, аны жаңы өнүмдөрдү жаратууга жумшагыла дейт. Менин оюмча, дал ушул – акылга сыярлык экономиканын өзү.
Ошондуктан парламент бул демилгени колдойт деп үмүттөнөм. Анткени сөз айрым кесиптерге жеңилдик берүү жөнүндө эмес. Сөз Кыргызстандын экономикасы он жылдан кийин кандай болору жөнүндө болуп жатат,-деди Салык кызматынын төрагасы Шыкмаматов.
12-июнда Садыр Жапаров IT чөйрөсүндө иштегендерди, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандарды, блогерлерди, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерди, стартаперлерди, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендерди беш жылга салык төлөөдөн бошотуу боюнча жарлык чыгарган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




