Блогер Ырыс Жекшеналиев 14-декабрга чейин камакта калтырылды

  • 2 года мурун

Блогер Ырыс Жекшеналиев 14-декабрга чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.   

Тергөөчү Жекшеналиевдин иши боюнча экспертиза дайындалганын жана анын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу, блогерди 14-декабрга чейин камакта калтырууну суранды.  Сот ал сунушту канааттандырды.

Ал эми Ырыс Жекшеналиев тергөө иштери жүрбөй жатканын, өзүнүн күнөөсү эок экенин белгиледи. Абакта жаткан жери сыз, ден соолугу начарлап, микроинсульт алганын, ошондой эле билим алуу  укугу бузулуп жатканын белгиледи.    

Буга чейин камакта жатып Ырыс Жекшеналиев жүрөк оорусунун айынан ооруканага түшкөнү кабарланган.

14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.  

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

8-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.

-Ал бир ай мурун Фейсбукта пост жазган. “Бузукулар, маалыматты туура эмес таратууда, милиция каякка карап жатат” деп жазса, милиция анализ кылбай, жөн эле 19 жаштагы баланы таап, камады. Ал видеону эле репост  кылды. Тилекке каршы, ошон үчүн аны күнөөлүү кылып жатышат. Андан дагы өтө оор күнөө коюлууда. Ырыс Жекшеналиевди бийликти алуу  боюнча чакырык кылган деп. Ал андай кылган жок. 19 жаштагы бала андай кыла албайт, чакырык жасай албайт, бийликти ала албайт. Бул — туура эмес коюлган күнөө. Эң негизгиси кимден коркуш керек? 19 жаштагы балдарды эмес, уюшкан кылмыштуу топту, экстремист, террористтерди көзөмөлгө алыш керек. Ошол баланы камактан чыгарыш керек, ал өзү “окуп эле тынч эле отурмакмын” деп жатат,-деди депутат Бекешев.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты