Ырыс Жекшеналиевдин адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүү үчүн шаардык сотко кайрыларын билдирди

  • 2 года мурун

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин жактоочусу Чыңгыз Ибраев анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылат. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирген.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта кечинде милиция бир несе саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты