Депутат Бекешев блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча Президентке кайрылуу жасады  

Бүгүн, 8-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев 19 жаштагы камакта жаткан блогер Ырыс Жекшеналиевдин камалышы боюнча Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

-Ал бир ай мурун Фейсбукта пост жазган. “Бузукулар, маалыматты туура эмес таратып жатат, милиция каякка карап жатат” деп жазса, милиция анализ кылбай, жөн эле 19 жаштагы баланы таап, камады. Ал видеону эле репост  кылды. Тилекке каршы, ошон үчүн аны күнөөлүү кылып жатышат. Андан дагы өтө оор күнөө коюлуп жатат. Ырыс Жекшеналиевди бийликти алуу  боюча чакырык кылган деп. Ал андай кылган жок. 19 жаштагы бала андай кыла албайт, чакырык жасай албайт, бийликти ала албайт. Бул — туура эмес коюлган күнөө. Эң негизгиси кимден коркуш керек? 19 жаштагы балдарды эмес, уюшкан кылмыштуу топту, экстремист, террористтерди көзөмөлгө алыш керек. Ошол баланы камактан чыгарыш керек, ал өзү “окуп эле тынч эле отурмакмын” деп жатат. -деди депутат Бекешев.    

   

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголгон. Ал Фейсбукка Абдил Сегизбаевдин Жетим Тоо туурасындагы видеосун бөлүшкөн.

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармап туруу жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Сүрөттө: Ырыс Жекшеналиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты