“Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан». Сурабалдиеванын Ташиев тууралуу айткандары талкууга алынууда
- 2 недели мурун
- Баяндар
Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын казакстандык блогерге Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев эмне үчүн кызматтан алынды деген суроосуна берген жообу боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат.
Политолог Эмил Жороев депутат Элвира Сурабалдиеванын айткандарын мындайча комментарийледи:
-Эльвира Сурабалдиева айым — эң күчтүү, курч, жүрөктүү депутат болуп келет бир канча жылдан бери. Анын парламенттеги орду эң эле маанилүү; 15-20 депутатка барабар орду бар. “Бирөөгө бирөө жөнүндө бир нерсе дептир”, деп аны тепкилемей, арийне, бизде байма-бай орун алып келаткан соцтармак саясый маданият жана түшүнүгүбүздүн деңгээлин дагы бир жолу көрсөтөт. Анын сөзүн уккан казак эли ушу силердин Эльвираны жемелеп жатып калганыңарды деле көрөт. Ушундай реакция кылуунун өзү андан бетер уят эмеспи кыргыз үчүн? Макул болчу, каршы болчу нерселер, сөздөр күн сайын боло берет, ансыз коомдук жашоо жок. Эльвира айтып берген тема эбак эле эл аралык ачык талкуудагы тема. Айтпаса да болот, айтканында да эч өзгөчө мандем жок. Акылдуу, сабырдуу бололу, жок жерден өзүбүздү өзүбүз уят кылбайлы, куду бир сырды айтып салгансып жемелебей,-деди Эмил Жороев.
“Мен бүгүнкү күндө Эльвира Сурабалдиеванын билдирүүсүнүн айланасында жүрүп жаткан талкууларды кылдат байкап жатам. Канчалык терең талдасаң, ошончолук түшүнүктүү болуп жатат — бул жөн гана жеке пикир эмес, бул белгилүү бир системалык процесстерге саясий баа берүү аракети” деди Фейсбук колдонуучу Канат Хасанов.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева казакстандык блогерге берген интервьюсунда Ташиевдин эмнеге кызматтан алынганы тууралуу суроого «мамлекеттик төңкөрүш даярдоо» аракети болгон деп билдирди. Сурабалдиева муну парламенттин 90 депутаты билерин жана мындай аракет көп убакыт даярдалган деп кошумчалады.
-Камчыбек Ташиев эмне үчүн кызматтан кетти? -деген суроого:
-Мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатышкан, президентти кызматтан алабыз деп, -деди Элвира Сурабалдиева.
-Ошондо кыйбас досун… Тагына кызыкты го?
-Ооба, президент айкөл киши экен, расмий, эркек киши катары, досу деп, мүмкүн эл астында капа болгонун же кейигенин ачыкка чыгара албай жатат. Мен ойлойм, бирок ал кишиге аябай кыйын, бул өмүрлүк досу, аны кызматтан кетирем деп аракет кылышып, ошол кадамдары үчүн ал Камчыбек Ташиевди жумуштан алганы негизги себеп,-деди Элвира Сурабалдиева.
-Демек өзүм бийликке келем деп президенттин ордуна, ушул аракети үчүн дейсиз го?-деди журналист.
—Аны бардыгы билет, парламенттин 90 депутаты билет. Көп убакыт даярдалып, кээ бир адамдар четинен суракка чакырылып жатат болуш керек, кээ бир адамдар абакта. Мен ойлойм, бул боюнча иштер жүрүп жатат, бул купуя сыр болуш керек. Кыргызстанда кыргыздардын баары эле түшүнүп турат деп ойлойм, “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” деген сөз бар, ошонун далили болуп жатат. Кызмат бөлүнбөйт да,-деди депутат Сурабалдиева.
-Бирок боштондукта го..
-Айтып жатпаймынбы, президенттин айкөлдүгү окшойт, мүмкүн досум деп боору ооруп жатат, мүмкүн кейип жатат, тескерисинче болсо, камалып отурмак, -деди Элвира Сурабалдиева.
Ал эми саясатчы Клара Сооронкулова ушул айткандарга байланыштуубу же башка маселеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесин мисал келтирип, соттун өкүмү чыкмайынча эч ким күнөөлүү деп эсептелбей турганын эскертти.

Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Берлинде, Бундестагда жолугушканы тууралуу мындайча пост жазган:
«Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди. Курагыбыз бир болгону менен, биз эки башка тарыхый доордо, эки башка саясий кырдаалда шайландык. Мен «удачный госперевороттон» кийин шайлансам, Марлен «неудачный госперевороттон» кийин шайланды. Заманыбыз ар башка. Шарттар ар башка. Бирок миссия — бир. 2005-жылы да, 2026-жылы да төраганын негизги милдети бирдей эле: биринчи — саясий туруктуулукту камсыз кылуу, экинчи — мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, үчүнчү — социалдык-экономикалык өнүгүүгө жол ачуу» деп жазган мурунку постунда Германиядагы элчи Текебаев.
Буга чейин Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Берлинге, Германиянын Бундестагына иш сапары менен келип кеткендеги жолугушуусу тууралуу Фейсбук баракчасына жазгандарында “эч кандай юридикалык баа жок, эч кандай конкреттүү адамга айып тагуу жок, болгону татаал саясий кырдаалга шарттуу, ирониялык мүнөздөмө берилген” деп билдирди.
Өмүрбек Текебаев Фейсбук социалдык тармагына жазгандарын мындайча чечмелеп берди:
— Мага коюлган дооматтын маңызы — Текебаев Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду деп саясий куугунтуктоого жол ачып берди деген айыптоо, -деди ал.
«Удачный госпереворот» же «неудачный госпереворот» деген формулировкалар фактты түз констатациялоо эмес. Бул — татаал саясий кырдаалды кыскача жана түшүнүктүү жеткирүүгө жардам берген ирониялык, жалпыланган формула. Башкача айтканда, бул жерде тырмакча атайын колдонулган: ал сөздөрдү бөлүп көрсөтүү менен бирге алардын түз эмес, шарттуу жана баалоочу мааниде айтылганын билдирет” деди Текебаев.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин, УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.
Сүрөт коллажы: Камчыбек Ташиев жана Элвира Сурабалдиева. RR/RL




