Саякатчы жана блогер жигит Африкадан колукту алып келди

Лейлектик Марат Ниязмат уулу велосипед менен Африкага саякатын социалдык тармактарда чагылдырып турду. Саякаты аяктагандан кийин Марат Ниязмат уулу Танзаниядан Кыргызстанга, үйүнө Люси аттуу колукту алып келгени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга тарады.

Социалдык тармактардагы видео тасмаларда колуктунун жигиттин жакындары аэропорттон тосуп алганы, ага апасы үйдөн ак жоолук салып, ак көшөгөгө олтургузганы, колуктунун ислам динине өткөндүгү, нике кыйылгандыгы тууралуу маалыматтар тарады.

Марат Ниязмат уулу үйүндөгүлөр кара кызга үйлөнгөнүн укканда алгач таң калып, бирок батасын беришкенин билдирди:

«Алгач таң калышты. Бирок кийин “улут эмес, адамдын ички дүйнөсү маанилүү” деп батасын беришти» деди Марат.

Азырынча расмий никелешүү салтанаты боло электиги айтылууда.   

Бул өзгөчө никени социалдык тармактарда коомчулук кызуу талкууга алууда, аларды кубаттагандар көп, каршы пикирин билдиргендер да жок эмес.

Марат Ниязмат уулу Меккеге велосипед менен жол тартып, андан кийин Африкага саякаттап, акырында деңиз деңгээлинен 5895 метр келген Килиманжаро тоосуна чыгып, кыргыз туусун желбиреткен. Ал Танзания, Кения, Уганда жана Сенегал жана башка мамлекеттерге велосипед менен саякатка чыккандыгын социалдык тармактардагы баракчасына чагылдырып келген.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты