Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди милиция кармап кетти

  • 2 года мурун

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди милиция кармап кетти. Бул тууралуу Жекшеналиев өзү Фейсбук баракчасында жазды.

«Президенттин буйругу иштеп баштады. Мени 10-бөлүмдүн кызматкерлери Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына алып бара жатышат. «Полит Узник» боюнча», — деп жазган Жекшеналиев.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги азырынча маалымат бере элек

Буга чейин аталган баракчага модераторлук кылып жүргөн активист Айсулуу Кудайбердиевага УКМК «мамлекеттик чек арадан туура эмес өткөн» деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Бул ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, Кудайбердиеваны күнөөлүү деп тапкан. Бирок жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу активист жазадан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты