Блогер Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу жайда көргөн кордуктары тууралуу айтып чыкты

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 25-декабрда, блогер Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайында көргөн кордуктары, зордукталганы тууралуу Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирде айтып чыкты.

Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин 25-декабрындагы жыйынында ушул маселеге көңүл бурууну тиешелүү жетекчилерден өтүндү.  

-Батма Жолболдуева деген кыз 2023-жылы Баткенде убактылуу абак жайында кармалыптыр, ал кордолуп жана зордукталыптыр. Керек болсо, туугандары берген тамагын, кийимдерин да киргиздирбей коюптур, -деди Марлан Маматалиев.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) Батмакан Жолболдуеванын Фейсбук баракчасында милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБдин ички иликтөө кызматы кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө” деген маалымат таратты.

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз катары актаган. 2022-жылы 22-майда Батмакан Жолболдуева кылмыш кодексинин 190-беренеси, «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Кылмыш кодексинин 379-беренеси «Документтерди жасалмалоо» менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленди» деп жазылган маалыматта.

2022-жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

Галымбетованын жакындары ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгонун билдирген. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган. Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 2022-жылы 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калтырылган.Блогер Батмакан Жолболдуева 18-августта үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Батмакан Жолболдуева. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты