Блогер Айтилек Орозбеков үй камагына чыгарылды
- 2 недели мурун
Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда блогер Айтилек Орозбековдун бөгөт чарасы каралып, ал 25-июнга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди.
Үй камагы учурунда сот блогер Орозбековго социалдык тармакка чыгууга да тыюу салганы маалым болду.
Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) блогер Айтилек Орозбековдун кармалганы боюнча 6-майдын кечинде маалымат таратты.
“2025-жылдын 15-апрелинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторинг учурунда “Айтилек Орозбеков” аттуу ютуб каналы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы таратылып жаткандыгы аныкталып, бул баракчанын кайрылусуу текшерүүгө алынып, соттук экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык жогорудагы ютуб каналда “улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо” белгилери камтылгандыгы тастыкталып, Чүй ОИИББ тарабынан бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон” деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын 6-майында жогорудагы кылмыш ишинин негизинде 1995-жылы туулган Айтилек Орозбеков кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин кафе-ресторан, соода борборлорунан кыргыз тилинде сүйлөөөнү талап кылган блогер Айтилек Орозбеков 6-майда кармалганын анын адвокаты билдирген. Орозбековдун видеолору лингвистикалык экспертизага берилип, улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси менен кылмыш иши козголгондугу айтылган.
Блогер Орозбеков Ютуб каналында ири соода борборлорундагы кыргыз тилин сыйлабаган кызматкерлерди айыптап келген. Актилек Орозбековдун Ютуб каналынын 15,5 миң катталуучусу бар.
Сүрөт: Айтилек Орозбековдун ФБ баракчасынан