“Куликов” компаниясы Айтилек Орозбеков боюнча сотко жазган арызын кайтарып алды
- 1 месяц мурун
“Куликов” компаниясы Айтилек Орозбеков боюнча сотко жазган арызын кайтарып алганын билдирди.
-Бүгүн Kulikov компаниясынын кеңсесинде коомчулуктун жана компаниянын өкүлдөрү Айтилек Орозбеков жана анын адвокаты менен пикир алышты. Биз кечириштик. Кыргызстаныбызда ынтымак болсун, өнүгүү болсун. Жыйынтыгында бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилип, жаралган түшүнбөстүктөр такталды. Компаниянын кызматкери мурда берилген арызын кайтарып алды. Мындан ары тараптардын бири-бирине карата эч кандай дооматтары жок, -деп билдирди компания.
Активист Актилек Орозбеков «Куликов» кондитердик фабрикасы аны камоо өтүнүчү менен сотко кайрылганын билдирди. Анын айтымында, жаңжал 9 ай мурун “Куликов” мекемелеринин биринде болгон. Анда Орозбеков кыргызча тейлөөнү талап кылганда компания укук коргоо органдарына арызданган. Активист камакка алынып, кийин үй камагына чыккан.
Депутат Бактыяр Калпаев бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештеги жыйында «Куликов» компаниясын сындап чыкты.
«Өлкөдө кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча мыйзамдар кабыл алынган. Президент БУУнун трибунасында мамлекеттик тилде сүйлөп жатат, УКМКнын башчысы инвесторлорду кыргыз тилинде сүйлөөгө чакырды. Мен “Куликов” компаниясы Кыргызстанды, анын тилин сыйлап, кыргыз тилин өнүктүрүүгө көмөктөшүшү керек деп эсептейм» деди депутат.
Сүрөт: Видео тасмадан алынды




