Чүй облустук ИИБ Айтилек Орозбековдун кармалганын ырастады
- 5 дней мурун
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) блогер Айтилек Орозбековдун кармалганы боюнча 6-майдын кечинде маалымат таратты.
“2025-жылдын 15-апрелинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторинг учурунда “Айтилек Орозбеков” аттуу ютуб каналы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы таратылып жаткандыгы аныкталып, бул баракчанын кайрылусуу текшерүүгө алынып, соттук экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык жогорудагы ютуб каналда “улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо” белгилери камтылгандыгы тастыкталып, Чүй ОИИББ тарабынан бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон” деп айтылат маалыматта.
А.О. (Айтилек Орозбеков-ред.) аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улуттар аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталгандыгын милиция билдирди. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жарандын буга чейин да (массалык баш аламандык фактысы боюнча) соттолгондугу бар экени такталган.
2025-жылдын 6-майында жогорудагы кылмыш ишинин негизинде 1995-жылы туулган А.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланып жатканы айтылды.
Буга чейин кафе-ресторан, соода борборлорунан кыргыз тилинде сүйлөөөнү талап кылган блогер Айтилек Орозбеков 6-майда кармалганын анын адвокаты билдирген. Орозбековдун видеолору лингвистикалык экспретизага берилип, улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси менен кылмыш иши козголгондугу айтылган.
Блогер Орозбеков Ютуб каналында ири соода борборлорундагы кыргыз тилин сыйлабаган кызматкерлерди айыптап келген. Актилек Орозбековдун Ютуб каналынын 15,5 миң катталуучусу бар.
Айтилек Орозбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан 2024-жылы 2-ноябрда кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга чакырыктар беренеси боюнча айып тагылган.
Сүрөттө: Айтилек Орозбеков. Интернет булактарынан