Бюллетендин 52, 89 пайызы кол менен саналып бүттү

  • 2 года мурун

1-декабрь саат 20:55ке карата парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 52,89 пайызы кол менен саналып бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасы көрсөткөндөй, аймактык шайлоо комиссияларынын саны 2494, АШКга 1319 протокол түшкөн, Шайлоочулардын жалпы саны 3 703 420, шайлагандардын саны 593 860  же 16,04%.

Бюллетендин 52, 89 пайызы кол менен саналып бүттү

Кол менен эсептөөдө  “Ата журт-Кыргызстан”-, Ынтымак” , “Ишеним”, “Ыйман нуру” “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан, “Эл үмүтү” саясий партиялары алдыда келе жатат.  

Ал эми калган партиялар 5% чекке жете элек.  

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты