Бюллетендин 37,49 пайызы кол менен саналып бүттү

  • 2 года мурун

Бүгүн саат 9:50гө карата парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 37,49 пайызы кол менен саналып бүттү

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары гана элге жарыяланды, алар шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, юридикалык мааниге ээ эмес алдын ала маалымат болуп саналарын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты