Бишкектеги окуядан улам Свердлов ИИБ башчысы, бардыгы 10 кызматкер иштен бошотулду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 27-майда, ички иштер министрлигиндеги жыйында Бишкектеги 13-майдагы жана 17-майдагы окуялар боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, бир катар кызматкерлер жумуштан бошотулду жана тартип жоопкерчилигине тартылды.

Коллегияга ИИМ, Бишкек шаарынын ИИБ, Бишкек шаарынын райондук ИИБ жетекчилиги жана укук тартибин камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ИИБ кызматкерлери катышты.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкек шаарында болгон окуялар боюнча маалымат берди.

ИИМдин ички иликтөө кызматынын башчысы Жолболду Көчкөнов 13 жана 17-майда болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен, бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Анын ичинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды.    

2024-жылдын 13-майында ыкчам-тергөө тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

22-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте 13-майдагы жана 17-майда болгон окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин парламент комитетинде кароо керектигин сунуштады.  

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 20-майда кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты