Депутат Бекешев Бишкектеги окуя боюнча ички иштер министрлигинин жоопкерчилигин кароо сунушун келтирди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 22-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте 13-майдагы жана 17-майда болгон окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин парламент комитетинде кароо керектигин сунуштады.  

-Өткөн жумада чет өлкөлүк жарандар менен конфликт боюнча. Мына карабайсыңарбы, окуя 12-майдан 13-майга караган түнү болгон. Милиция реакцияны жакшы берген жок. Туура, бейбаштык кылган жарандар жоопко тартылат деп айтып жатабыз, а эмнеге ошол жерде биз ички иштер министринин жоопкерчилигин карабайбыз? Эмнеге учурунда ошол замат реакция кылган жок?

-Депутаттарды, активисттерди аңдып эле жүрөт, порнофильмдерди тартып эле жүрөт, реалдуу ишти кылбайбы? Жол коопсуздугу боюнча канча көйгөй бар. Негизи уюшкан кылмыштуулук менен милиция күрөшүш керек болчу, алар күрөшө албай, ошолор менен УКМК алек болуп жатат. Бир топ эле көйгөйлөр чечилбей келет,-деди Дастан Бекешев.   

-Эмне себептен учурунда реакция кыла албай, ошол бейбаштык кылган жарандарды жоопкео тартпай, жума күнү Вотсап топтордо таратылып жаткан маалыматтарга эмнеге реакция кылган жок? Ошону менимче, комитет караш керек. Жоопкерчилик болуш керек,-деди депутат.  

   

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 20-майда кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

            

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты