Министрлер кабинети: Кыргызстан ЖККУ алкагында милдеттенмесин аткарууга даяр

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-январда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чукул жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров билдиргендей, мамлекет башчынын жана Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргызстан Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу бир тууган Казакстанга колдон келген колдоо көрсөтүүгө жана ЖККУ алкагындагы өзүнүн союздук милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктайт.

Казакстанга ЖККУ аскерлерин киргизүү маселеси боюнча Жогорку Кеңеш бүгүн кворум чогулта алган жок. Жыйын эртеңкиге калтырылды.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Казакстанга аскерлерин жөнөткөнүн расмий жарыялады.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган. Ал Алматыдагы кырдаалды «террордук топтордун иши» деп атаган.

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат.

ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты