Жогорку Кеңештин чукул жыйыны эртеңкиге калтырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-январда, Жогорку Кеңеште  ЖККУнун күчтөрүнүн Казакстанга киргизүүгө байланыштуу кезексиз парламент жыйыны болмок.  Залда 39 депутат гана катталып, кворум болбой, жыйын эртеңкиге калтырылганы айтылды.   

Парламент жыйынына  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Буга чейин Камчыбек Ташиев инфекциялык ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы маалымдалган.  Жыйынга ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келген.

Буга чейин Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жетекчилеринен жардам сураган. Казакстандын Президенти Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, чет өлкөлөрдөн даярдыктан өтүп келген банда Казакстанга кол салганын, муну агрессия актысы катары баалаш керек экенин билдирди.  

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты