Бишкекте аялзатынын укугун коргоого арналган иш-чара уюштурулду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 8-мартта, аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата Бишкек шаарынын Горький сейилбагында иш-чара уюштурулду.
Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоо, зомбулукка жол бербөө боюнча плакаттарды көтөрүп, талаптарын билдиришти.
Буга чейин аталган иш-чараны уюштуруу комитети президентке кайрылып, Бишкек шаарындагы Горький атындагы паркта тынч коомдук акция өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Иш-чараны Горький сейилбагында уюштурууга уруксат берилген.
Акциянын максаты адаттагыдай эле – коомчулуктун көңүлүн аялдарга карата зомбулуктун, фемициддин алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине жана аялдардын коопсуздугу менен укуктарын коргоого буруу болду.
“Биз бул иш-чараны тынч, мыйзамдуу жана коомчулуктун аң-сезимин жогорулатууга багытталган форматта өткөрүүнү көздөйбүз. Сизден 8-март күнү Горький атындагы паркта бул коомдук акцияны өткөрүүгө колдоо көрсөтүп, уруксат беришиңизди суранабыз” деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылы 8-мартта Бишкекте аялдардын эл аралык тилектештигинин күнүнө карата “Аялдардын укуктарына арналган тилектештик жүрүш” жөө жүрүшү уюштурулган.
Быйыл дагы акциянын катышуучулары желектерин желбиретип, «Аялзаты, жашаа!», «Зомбулукка жол бербейбиз!», «Аялзатка эркиндик», «Өкүнүчкө жол бербейбиз!», «Келечек колубузда» ж.б. ураандарды айтып, талаптарын билдиришти.
Депутат Элвира Сурабалдиева Жогоку Кеңештин 4-марттагы жыйынында аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоого багытталган аялдар жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берүүнү өтүндү.
Аялдарга кол көтөрүү, зомбулук көрсөтүү, өлтүрүп коюу фактылары дагы эле уланууда. Ушул жылы 20-февралда Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган тургуну Айжаңыл өзүнүн үйүндөгү мал сарайында асынып каза болгону кабарланган. Жакындары Айжаңылдын өз жанын кыйганынан күмөн санашат. Сиңдиси Айназик Жылдызбек кызынын айтуусу боюнча, Айжаңыл бир жыл мурда турмушка чыккан. Ал мурда дагы күйөөсү кол көтөргөндүгүн айтып келген. Кош бойлуу болгон кубанычы менен бир күн мурда эле бөлүшкөн. “Ал өзүнүн жанын кыймак эмес” деди сиңдиси.
2025-жылы 63-декабрда Бишкекте үйрөй учурган кылмыш к,атталган жаңы ажырашкан күйөөсү мурдагы аялын МР-79 травматикалык тапанчасы менен атып жиберген. Алган жаракатынан аял ошол жерде жан берген. Бул кылмыш иши киши өлтүрүү беренеси менен катталды. Шектүү убактылуу камак жайына камакка алынды. 27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып 19 миң 995 жаран кайрылган. Анын 519у боюнча кылмыш иши козголгон.
Акыйкатчы институтуна 2025-жылдын 10 айында аялдар менен балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 129 арыз түшкөн (2024-жылы жалпы 135 арыз). Алардын ичинен 24ү үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине байланыштуу (2024-жылы — 31).
Сүрөт: Видеодон алынды.




